Камбаралы Бобуловдун 90 жылдыгына арналган адабий-эстетикалык кече өттү

2026-11-26 08:22:14 3

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окутуучулары жана ошол жерде жайгашкан китепкананын улук китепканачысы Турдуева Зыйнаткан тарабынан кыргыздын көрүнүктүү акыны, чебер жазуучусу, адабиятчы, сынчы, публицист жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун 90 жылдык мааракесине арналган «Эне тил барда мен бармын, эне тил барда Камбармын» аттуу адабий-эстетикалык кече өткөрүлдү. Кечеге факультеттин 1-курстары катышты. Адабий кечени факультеттин деканы Олжобай Шаимкулов ачып, Камбаралы Бобуловдун өмүрү, чыгармачылык жолу, адабий сынчылык ишмердиги жана кыргыз адабиятына кошкон салымы тууралуу кеңири маалымат берди. Декан өз сөзүндө калемгердин адабий мурасын изилдөө, аны жаш муундарга жеткирүү жана улуттук сөз өнөрүнүн баркын көтөрүү маанилүү экендигине токтолду. Иш-чарага студенттерди даярдоодо Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын доценттери Бактыгүл Байтикова, Зыйнат Раимбердиева жана окутуучу Нурила Заирова чоң салым кошушту. Алар студенттердин эл алдында туура жана так сүйлөөсүнө, көркөм окуу чеберчилигин өркүндөтүүсүнө, акындын ырларын идеялык-көркөмдүк жактан талдоосуна жана өз оюн адабий тилдин нормаларына ылайык жеткире билүүсүнө методикалык жактан көмөк көрсөтүп, даярдык иштерин жүргүзүштү. Кеченин жүрүшүндө студенттер Камбаралы Бобуловдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу даярдалган баяндамаларды окуп, акындын ырларына адабий талдоо жүргүзүштү жана чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөрдүн маанисин чечмелешти. Ошондой эле, анын чыгармаларын көркөм окуп, калемгердин чыгармачылык дүйнөсүн чагылдырган адабий-драмалык көрүнүш тартуулашты. Мындай иш-чаралар студенттердин теориялык билимин практикалык көндүмдөр менен айкалыштырууга, көркөм сөзгө болгон кызыгуусун арттырууга жана болочок филологдордун кесиптик-коммуникативдик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Камбаралы Бобуловдун 90 жылдыгына арналган бул адабий кече — улуттук адабий мурасты урматтоонун, эне тилдин кадыр-баркын даңазалоонун жана жаш муундардын руханий дүйнөсүн байытуунун маанилүү үлгүсү болду.