2026-11-26 08:16:24 3
Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде 24-октябрь күнү «Кыргыз тили жана адабият мугалимдерин даярдоодо дуалдык окутуунун ролу жана келечеги» аттуу маанилүү тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чара Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулду. Тегерек столду аталган факультеттин деканы, доцент Олжобай Шаимкулов ачып берип, жыйындын негизги максатына токтолду. Ал өз сөзүндө кыргыз тили жана адабият мугалимдерин даярдоо сапатын жогорулатуу, университет менен мектептин кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүү жана дуалдык окутуу моделдерин өркүндөтүү маселелерин талкуулоо маанилүү экенин баса белгиледи. Семинарда студенттердин келечектеги кесиптик көндүмдөрүн түздөн-түз мектеп шартында калыптандыруу, педагогикалык практика учурунда теориялык билимди практика менен тыгыз байланыштыруу механизми тууралуу сөз болду. Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысы, доцент Б.Байтикова 8 жумалык педагогикалык практиканын программасы менен тааныштырды, ал эми, кафедранын улук окутуучусу А.Маматова 12 жылдык билим берүү шартында сабак өтүүнүн жаңы моделдерин колдонуу жолдору жөнүндө презентация жасады. Иш-чаранын жүрүшүндө практика жетекчиси, окутуучу Нурила Заирова дуалдык окутуунун бүгүнкү күндөгү өнүгүү багыттары жана анын мааниси тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Ошондой эле, окуу жайдын карьера жана практика борборунун адистери да катышып, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Жыйындын соңунда тиешелүү резолюция кабыл алынды. Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы студенттерди ар тараптан колдоо, келечектеги мугалимдерге кесиптик жардам көрсөтүү максатында мындай иш-чараларды мындан ары да уланта бермекчи.