«Тил жашаса — улут жашайт, улут жашайт — мамлекет жашайт» аттуу достук иш-чарасы өткөрүлдү

2026-11-26 08:05:22 3

23-октябрда Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин алдындагы Алишер Навои атындагы өзбек тили жана адабияты борбору тарабынан Кыргызстан жана Өзбекстан Республикаларынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, ошондой эле эки өлкөдө тең тилдерге Мамлекеттик тил макамы берилгендигинин 37 жылдыгына карата «Тил жашаса — улут жашайт, улут жашайт — мамлекет жашайт» аталышындагы салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чарага ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору К.Ш. Аттокуров, Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы консулу А.О. Болтаев, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин деканы О.А. Шаимкулов, ошондой эле Өзбекстандын Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин, Кокон университетинин жана Анжиян мамлекеттик университетинин профессор-окутуучулар курамы катышты. Маданий-илимий кече «Түрк элдеринин интеграциясындагы Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы: илим-билим, маданият жана искусство» деген темадагы эл аралык илимий семинар менен башталды. Семинарда төмөнкү окумуштуулар өздөрүнүн баяндамалары менен чыгып сүйлөштү: • С. Исакулов —«Кыргыз-өзбек мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый кызматташтык жана коңшулук»; • Профессор, ф.и.д. С. Мухаммедова — «Өзбек тилиндеги лингвокультуремалардын классификациясы»; • Доцент, ф.и.к. Ш. Жуманова — «Өзбекстандын эгемендүүлүгү — улуттук тилдин жана руханий баалуулуктардын өнүгүшүнүн маанилүү фактору»; • Доцент, ф.и.к. М. Кошуева — «Кыргыз тили: кечээ, бүгүн жана эртең». Ошондой эле, семинардын жүрүшүндө Ё. Юсупова, Ф. Искандаров жана башка катышуучулар Алишер Навоинин түрк тилдеринин өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу кызыктуу фактыларды баяндап беришти. Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында доцент Б. Байтикова жана финансы-юридикалык колледжинин окутуучулары тарабынан «Кыргыз жана өзбек тилдеринин тарыхый өнүгүшү» темасында мастер-класстар уюштурулду. Иш-чаранын алкагында ИПКнын КДПЦ төрагасы К. Шокировдун жетекчилиги астында (Г. Самиддинова, Г. Жоробекова, К. Саидрахимовдор тарабынан даярдалган) кыргыз жана өзбек элдеринин кол өнөрчүлүк көргөзмөсү тартууланды. Салтанат «Эки элдин ыр-күүсү — бир дилдин күүсү» аталышындагы адабий-музыкалык программа менен уланды. Анда З.М. Бабур атындагы театр жамааты, ОшМУнун Педагогика жана искусство институтунун доценттери М. Кожомжаров менен Ж. Атабаеванын аткаруусундагы ыр-күүлөр, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин «Айгерим» бий тобунун, ЕНУнун студенттеринин жана ИПКнын бий топторунун «Тил жашаса — улут жашайт, улут жашайт — мамлекет жашайт» жана Ата Мекен тууралуу көркөм окуулары (даярдагандар: С. Алпаизова, А. Исманова) кечеге өзгөчө шаң кошту. Бул сыяктуу иш-чаралар илим-билим, маданият жана искусство аркылуу эки боордош элдин ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди чыңдоого чоң кызмат кылат.