ОшМУнун окутуучулары күч түзүмүнүн өкүлдөрүнө сабак өтүштү

2026-11-26 07:58:48 3

2026-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилинин 37 жылдыгына карата ОшМУнун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучулары Дамилова Н.А. жана Бекмуратова Р.Т. тарабынан атайын багыттагы полктун Ош бөлүмүнүн кызматкерлерине мамлекеттик тил боюнча окуу-сабак өткөрүлдү. Сабак ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору М.С. Шарипованын колдоосу менен уюштурулуп, анда иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жүргүзүү, расмий документтерди талапка ылайык тариздөө жана кыргыз тилинин нормаларын сактоо маселелери каралды. Катышуучуларга иш кагаздарын жүргүзүүдө кездешкен каталар практикалык мисалдар аркылуу түшүндүрүлүп, талкуу жүргүзүлдү. Иш-чаранын алкагында ОшМУ менен атайын багыттагы полктун Ош бөлүмүнүн ортосунда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана кызматкерлердин тилдик компетенцияларын жогорулатуу багытындагы кызматташтыкты улантуу боюнча сунуштар айтылды. Эжекелерге ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТТАР тапшырышып, ийгиликтерди каалашты.