Синоп университетинде «Түрк элдеринин руханий интеграциясы: тили, адабияты, маданияты» аттуу эл аралык симпозиум өтүүдө

2026-11-26 07:24:42 3

24-25-сентябрда Түркиянын Синоп шаарындагы университетте "Түрк элдеринин руханий интеграциясы: тили, адабияты, маданияты" аталышындагы эл аралык илимий симпозиум өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Алжир, Түркия республикаларынан окумуштуулар катышууда. Эскерте кетсек, аталган симпозиум алгач 2024-жылы Кыргызстандын Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн. 2925-жылы Ташкенттеги А.Навои университетинде, ал эми быйыл Түркиянынын Синоп университетинде өткөрүлүп жатат. Симпозиумдун максаты боордош түрк элдеринин орток илим-билимин, маданиятын, карым-катнашын жакшыртуу болуп саналат.