«Тил жана кесиптик тааным»: студенттер арасында акыл таймаш өткөрүлдү

2026-11-26 07:15:16 3

Мамлекеттик тил күнүнө карата экономика, бизнес жана менеджмент институтунда 1-курстун студенттеринин арасында Б.Абдувалиева, Бекмуратова Р.Т, Дамилова Н.А. тарабынан «Тил жана кесиптик тааным» аттуу акыл таймаш уюштурулду. Таймашта студенттердин беш тобу күч сынашып, кыргыз элинин руханий мурасы болгон макал-лакаптардын маанисин чечмелөө менен бирге, өз адистиктерине байланыштуу макалдарды талдап, ой-пикирлерин билдиришти. Алардын сүйлөө жана жазуу көндүмдөрү бааланып, жазуу тапшырмалары Padlet интерактивдүү тактасы аркылуу текшерилди. Акыл таймаштын негизги максаты студенттердин академиялык окуу, жазуу жана сүйлөө көндүмдөрүн калыптандыруу жана өнүктүрүү, мамлекеттик тилди кесиптик багытта колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болду. Иш-чара студенттер арасында чоң кызыгууну жаратып, активдүү жана чыгармачыл маанайда өттү. Таймаштын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, ,ыраазычылык каттар тапшырылды.