2026-11-26 06:56:56 6
2026-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилинин 37 жылдыгына карата ЭБжМ институтунда кыргыз тилинен сабак берген улук окутуучулар Дамилова Н.А. жана Бекмуратова Р.Т. тарабынан атайын багыттагы полктун Ош бөлүмүнүн кызматкерлерине мамлекеттик тил боюнча окуу-сабак өткөрүлдү. Анда иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жүргүзүү, расмий документтерди талапка ылайык тариздөө жана кыргыз тилинин нормаларын сактоо маселелери каралды. Катышуучуларга иш кагаздарын жүргүзүүдө кездешкен каталар практикалык мисалдар аркылуу түшүндүрүлүп, талкуу жүргүзүлдү. Иш-чаранын алкагында ОшМУ менен атайын багыттагы полктун Ош бөлүмүнүн ортосунда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана кызматкерлердин тилдик компетенцияларын жогорулатуу багытындагы кызматташтыкты улантуу боюнча сунуштар айтылды.